Биз менен байланышыңыз

Казакстан чек араны Кыргызстанга кысым катары колдонуп жатабы?

Без рубрики , Коом | 2 Апр 2019 | 533 | 0

«Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда учурда 253 оор жүк ташуучу автоунаа кезекте турат. 2-апрелге караган түнү 191 автоунаа көзөмөлдөн өткөн. 26 автоунаа документи туура келбегени үчүн артка кайтарылган. Жагдайдын жаралышын казак тарап контрафактылык, контрабандалык товарлар менен күрөшүү катары түшүндүрүүдө. Ал эми айрым кыргыз серепчилери: «Бул жөн гана шылтоо, Казакстан ушундай жол менен Кыргызстанды тизе бүктүргүсү келип жатат», — деп эсептешет.

Майрамбек мырзанын оор жүгү менен жолго чыкканына бүгүн төртүнчү күн болду. Ошондон бери «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда кезек күтүп турат. Товарды 3 күндүн ичинде жеткирип беришим керек болчу деген Майрамбек мырза эми канча чыгымга учураганын эсептеп отурган кези.

— Эмне үчүн өткөрбөй жатканын түшүндүргөн киши жок. Алдын ала айтышканда, биз жүк албай коймокпуз. Негизи келишим боюнча жүктү 3 суткада жеткиришим керек болчу. Бирок, абалды көрүп турасыңар. Дагы канча күн турарыбыз белгисиз. Ар бир кечиккен күн үчүн айып пул төлөшүбүз керек эми.

Ал эми Чек ара кызматынын № 2031 аскер бөлүгүнүн командири, полковник Бакыт Жангазиевдин «Марал» радиосуна билдиришинче, көзөмөл өткөрүү пунктунда кырдаал туруктуу.

— Кырдаал туруктуу. Кечээ, 1-апрелдин түнү 78 жүгү жок, 113 жүгү бар автоунаа өттү. Ал эми жеңил автоунаалар маселеси жок эле өткөрүлүп жатат. Документи туура келбеген 26 автоунаа артка кайтарылды.

Соода өнөр жай палатасынын оор жүк ташуучулар департаментинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу бул кырдаалдан башка да себептерди көрүп жатканын айтат. Анын пикиринде, Казакстан 2017-жылдан бери чек арадагы көзөмөлдү өзүнө күч катары пайдаланууну адат кылып алган.

—  Жеке пикиримде, бул Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин январь айында көтөрүп чыккан маселесине байланыштуу болууда. Анда министрлик сугат сууларды газ, нефть сыяктуу товар катары сатууну сунуштап чыгышкан. Албетте, сунуш ишке ашса, сокку ириде Казакстанга тиери белгилүү. Ошондуктан, казак тарап сугат иштери башталар алдында тизе бүктүрүш үчүн ушул жолду ойлоп табышты го деп божомолдоп жатам. Анткени, буга чейин да 2017-жылы экс-президент А. Атамбаев казак тарапка «орой сүйлөп», анын кесепети карапайым элге тийгени баарыбыздын эсибизде.

Оор жүк ташуучулардын айтымында чек ара жабылган учурда бир  гана тарап эмес, бир канча киши чыгымга учурайт. 2017-жылы жабылган учурда да орточо эсеп менен бир фирма 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин жабыр тарткан. Ал эми эл аралык келишимдер боюнча товар кечиккен ар бир күнгө кеминде 100 доллардан эсептелет. «Ошондуктан, мындай кырдаалда тиешелүү тараптар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү алып барышы керек»,- дейт эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков.

Кандай гана маселе болбосун, ачык отуруп чечиш керек. Аны менен бирге Кыргызстан өзүнүн артыкчылыктарын колдоно билүүсү зарыл. Мисалы, Тажикстан Рогун электростанциясын куруп алгандай эле, биз Камбар-Ата -1 сыяктуу ГЭСти ишке киргизсек болот. Ушул өңдүү эртеңки күнү кошуна өлкөлөр менен тең ата сүйлөшө тургандай деңгээлде иш жүргүзүүбүз зарыл болуп турат.

Маалыматка ылайык, тыкыр көзөмөлдөн улам, учурда бир сааттын ичинде 4-5 жүк ташуучу автоунаа өтүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM