Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Бирдиктүү эсепке 5 млн. сом которду

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 568 | 0

Башкы прокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке 5 миллион сом которду. Бул тууралуу органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Бирдиктүү эсеп ачылгандан бери прокуратуранын которгон каражаттарын эсептегенде, 373 млн. 764 миң 578 сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, эсепке коррупциялык аракеттерден улам төгүлгөн акчалар чогулат. Президент Сооронбай Жээнбеков чогулган каражатка Бишкек шаарына жана Чүй облусуна мектептер куруларын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM