Биз менен байланышыңыз

Айталиев: Жер көчкүлөрдү азайтууга болот

Без рубрики | 1 Апр 2019 | 539 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев «Марал» радиосуна берген маегинде айрым жер көчкүлөрдү тосмо коюу ыкмасы менен азайтууга болорун билдирди.

Анын айтымында, калкты көчүрүгө караганда, тосмо куруу оңтойлуу. Ага кеткен каражат 3 эсеге аз болот. Учурда бул маселенин долбоордук жумуштары жасалууда.

«Азия өнүктүрүү банкы жер көчкүлөр боюнча колдоо көрсөтүү демилгесинде. Тосмо куруу, арык чабуу, жер көчкү түшкөн жерлердин ордуна дарак отургузуу маселелери талкууланып, колдоого алынып жатат. Жер көчкүгө бөгөт коюунун көп ыкмасы бар. Алсак, көчөт отургузуу эки тараптуу жайынтык берет. Бирок, жер көчкүлөрдүн ар кандай мүнөзү бар экенин да эске алуубуз зарыл», — дейт Айталиев.

Маалым болгондой, ӨКМге 1800 айыл аймактарындагы башкы планды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

«Атайын планга кирбеген аймактар көйгөй жаратууда. Өкмөт муну иретке келтирүү үчүн токтом кабыл алды. Азыр Чүй, Жала-Абад, Талас облусунда иштер башталды. Башкы пландык документ терең иликтенип, көп нерсе камтылды. Анда жер астындагы суулар жана башка маселелер да бар», — дейт Айталиев.

Copyright © 2017 Maral FM