Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Украина президентин шайлашат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 760 | 0

Бүгүн, 31-мартта Украинанын президенттигине талапкерлерди шайлоо башталды. Буга чейин маалым болгондой, шайлоо бюллетенине 39 талапкердин ысымы кирген. Бул өлкө тарыхы үчүн рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Социологдордун алдын ала жүргүзгөн сурамжылоолорунда талапкелердин арасынан шоумен Владимир Зеленский эң көп упай топтогон.  Тактап айтканда, шайлоого бир жума калганда рейтинги өтө ыкчам көтөрүлүп, сурамжылоого катышкандардын 30 %ы аталган талапкерди шайлаарын билдирген. Ал эми учурдагы мамлекет башчы Петр Порошенко 17 %дык көрсөткүч менен экинчи орунду алган. Ошондой эле «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко 12,5 % менен үчүнчү, оппозициячыл «Оппозициялык платформа — Жашоо үчүн» партиясынын лидери Юрий Бойко 10 % менен төртүнчү орунду алган. Социологдордун божомолуна таянсак, бул шайлоо 2 тур менен өтөрү күтүлүүдө.

Айта кетчү жагдай, бул жолку шайлоого Орусиянын байкоочулары катышпайт. Ошондой эле, Орусиядагы Украин жарандары да добуш бере алышпайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM