Биз менен байланышыңыз

Жаңы кодекс талкууланган семинарга Акыйкатчы катышууда

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 513 | 0

Бүгүн, 29-мартта Бишкекте Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери үчүн соттук-укуктук реформа маселелерине арналган семинар өттү.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Семинарда 2019-жылдан тартып күчүнө кирген Жазык кодекси, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстериндеги толуктоолор талкууланды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов, Президенттин алдындагы соттук-укуктук реформа боюнча Кеңештин мүчөсү, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Гулмира Маматкеримова, «Сорос-Кыргызстан» фондунун укуктук программасынын директору Нуриана Картаңбаевалар чыгып сүйлөштү.

Семинарга Акыйкатчы институтунун борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM