Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Жамгырчиева Акыйкатчынын орун басары кызматына тандалды

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 448 | 0

Жогорку Кеңеш Гүлнара Жамгырчиеваны Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басары кызматына тандады. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 84 депутат анын талапкерлигин колдоду, 3 депутат каршы чыккан. Муну менен Гүлнара Жамгырчиева 5 жылдык мөөнөткө шайланды. Добуш берүүдөн кийин ал кызматтык ант берди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Парламенттин атынан жаңыдан тандалган Гүлнара Жамгырчиеванын ишине ийгилик каалап, берген антына бекем туруп, мамлекет үчүн иштеп берет деген ишенимин билдирди.

Аны бул кызматка өлкөнүн омбудсмени Токон Мамытов сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM