Биз менен байланышыңыз

Ошто мигранттардын балдарынын укуктары талкууланган жыйын өтүүдө

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 807 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарында мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо маселеси талкууланат. Маселе “Баланын укуктары жөнүндө эл аралык конвенциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюшулган тегерек столдо каралууда. Иш-чара Акыйкатчы институтунун демилгеси менен уюшулганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тегерек стол талкуусу Кыргызстандагы Балдар фонду –ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Анда «Бала укуктары жөнүндө конвенция: Максаттары, принциптери, мазмуну»;

«Жашы жетпегендерге карата зомбулук фактыларына жана кылмыштарга сереп»;

«Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-2019-жылдарда Баланын укуктары жөнүндө эл аралык конвенциясынын аткарылышы жөнүндө бешинчи мезгилдик баяндама жөнүндө»;

«Мыйзам менен чыр-чатакта болгон баланын достуктагы балдарга карата жол-жоболорду колдонууга укуктары»;

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын укуктарын коргоо»;

«Мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо»;

«Балдардын эмгекке укуктары» деген темалар талкууга коюлган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Акыйкатчысы тарабынан 10-ноябрдан 10-декабрга чейин Адам укуктарынын бир айлыгы жарыяланган. Бул иш-чара ушул бир айлыктын алкагында уюштурулууда.

Copyright © 2017 Maral FM