Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгы башталды

Кыска кабар | 1 Авг 2022 | 965 | 0

Кыргызстанда ЮНИСЕФ жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) демилгелеген Бүткүл дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгы башталды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк кеңсесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы 1-7-август күндөр аралыгында дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө эмчек эмизүүнү стимулдаштыруу жана балдардын ден соолугун жакшыртуу үчүн өткөрүлөт. Биринчи жолу эмчек эмизүү жумалыгы 1991-жылы алгачкы 6 айга чейин жалаң гана эмчек эмизүүнү колдоо жана коргоо үчүн өткөрүлгөн.

«Кыргызстандагы Бала эмизүү жумалыгынын темасы — Эне сүтү жана Бугу эне. Белгилүү уламыш боюнча, Бугу эне – бир уул, бир кызды өз сүтү менен багып, кыргыз уруусун сактап калган делет», — деп айтылат маалыматта

Эмчек эмизүү — наристелерди жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды керектүү азыктар менен камсыздоодогу эң керектүү ыкма. Ал ымыркайларга пневмония жана диарея (ич өтүү) сыяктуу балдар арасында кеңири таралган оорулардан коргоого жардам бере турган керектүү антитела камтыйт жана коопсуз бардык керектүү азыктарды берет. БДСУ ымыркайларга алты ай толгонго чейин жалаң гана эмчек эмизүүнү андан соң, кошумча тамак берүү менен бирге аны улантууну сунуш кылат. Мындан сырткары, БДСУнун адистери төрөттөн кийинки алгачкы сааттарда балдарды эмизүү керектигин белгилешет.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгу жарандык коом менен биргеликте бул жумалыктын алкагында ымыркайларды жетиштүү эмизүү, алгачкы алты айында жалаң гана эмчек сүтү, алты айдан соң балдардын рационуна кошумча тамак киргизүү жана эмчек эмизүүнү улантуу боюнча кеңири маалыматты камтыгын ар түрдүү иш- чараларды өткөрмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM