Биз менен байланышыңыз

Бала эмизүүнүн негизги эрежелери

Блог | 7 Авг 2022 | 957 | 0

1-7 август күндөрү ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун демилгеси менен Баланы туура эмизүү жумалыгы өткөрүлүп жатат. Бул жумалыктын алкагында баланы эмизүүдөгү эрежелер менен таанышып көрдүк.

Ийгиликтүү эмизүүнүн негизи – үрптү оозго туура алуу

Баланын оозунда, мүмкүн болушунча, бүт үрп жана ареоланын көп бөлүгү болушу зарыл. Бул учурда үрп баланын таңдайын көздөй багытталып, ымыркайдын оозунун түпкүрүндөгү жумшак жана катуу таңдайдын чек арасындагы ыңгайлуу аймакка жетет да, бала ийгиликтүү соро алат. Эгерде үрп ымыркайдын оозуна терең жайгашпаса, ал катуу таңдайга жабышат да, бала сүттү өтө аз сорот. Ал эми эне ооруксунуп, көкүрөгүнүн жаракат алуу коркунучу жогорулайт.

Үрптү оозго алуу убакыттын өтүшү жана көнүгүү менен жеңил болуп калат жана мындан ары бул жөнүндө ойлонуунун кажети жок. 4-6 жумадан кийин, бала башын жана моюнун көзөмөлдөөнү үйрөнгөндөн кийин, ал өз алдынча үрптү оозуна жакшы салууга жетише алат.

Эмизүү үчүн ыңгайлуу абал тандоо зарыл

Бала эмизүүдө эне өзү ыңгайлуу абалды тандап, балага ыңгайлуу шартты түзүп берүү абдан маанилүү. Эмизүү учурунда ыңгайлуу абал сүттүн эмчектен жакшы чыгышын камсыздайт жана лактостазды (сүттүн тартылышын) алдын алуу болуп саналат. Алгач “колтуктун астынан” жана “жатып” эмизүү, 3-7 күн аралыгында бул эки абалды өздөштүргөндөн кийин отуруп эмизүүнү үйрөнүү максатка ылайык.

Баланын талабы боюнча эмизүү

Баланы тез-тезден талап кылуусу боюнча, күнү-түнү, суткасына 12 жолудан кем эмес эмизүү; бала эмүүнү талап кылбаса дагы түнкүсүн 3-4 жолудан кем эмес эмизүү; баланы ал ачка болгондугунун белгилерин көрсөткөн учурда эмизүү сунушталат.

Эмизүүнүн узактыгы

Ымыркай курсагы тойгондо өзүн жакшы сезип, эмгенин токтотуп, эмчекти өз алдынча бошотот. Андыктан белгилүү бир мөөнөттөн кийин эмизүүнү токтотуп, эмчекти баладан алуунун кажети жок. Ар кандай ымыркайлар ар кандай убакыт эмишет. Көбү 20-40 мүнөттө тоёт, бирок айрымдары 1 саат же андан ашык убакыт эмишет.

Эмизүүнүн узактыгы баланын жашына көз каранды. Бала канчалык кичине болсо, ошончолук ыңгайсыздыкты сезет, жана эмүү процесси узак болот. Чоңойгон сайын бала ыңгайсыздыкты азыраак сезе баштайт. Мындан тышкары, сүттүн бир кыйла чоң көлөмүн иштетүү үчүн бала жетишээрлик күчтүү жана шамдагай боло баштайт.

Түнкү эмизүү

Түнкү эмизүү толук узак лактацияны сактоо үчүн зарыл. Саат 3төн 8ге чейин эмчек эмизүү кийинки күнүмдүк тамактандыруу үчүн жетиштүү санда сүттүн чыгышына түрткү берет. Бул мезгилдин ичинде кеминде 2-3 жолу эмизүү сунушталат. Бирок адистер баланы уктатуу үчүн эмизбөөгө чакырат. Муну бала кийинчерээк ал өз алдынча уктагысы келбей калары менен түшүндүрүшөт. Түнкүсүн  уктаардын алдындагы ар бир аракет адатты пайда кылат, бала ансыз уктабайт. Эгер бала күндүзү жетиштүү тоюп жатат деп ишенсеңиз, алты айдан өткөн балага түнкү тамак берүүнү токтотууга аракет кылыңыз.

Кошумча тамактандыруудан жана кошумча суусундук берүүдөн баш тартуу

Эне сүтү — бул май, белок, углевод, фермент, витамин, минерал, суу жана башка керектүү заттарды камтыган баланын өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылган аш болумдуу суюктук. Ал баланын бардык турмуштук муктаждыктарын толугу менен канааттандырат. Туура уюштурулган эмизүү, анын ичинде үрптү туура салуу, баланы тез-тез жана узак эмизүү, чогуу уктоо жана түнкү эмизүү болсо, бала 6 айга чейин кошумча тамактанууга муктаж эмес. Андыктан 6 айга чейин балага суу, чай, ширелерди (сабиз, кызылча же жемиш), жасалма аралашмалар жана сүттүн башка түрлөрүн, ботколорду (мисалы, буламык, печенье, кургатылган нандар), упчуларды колдонуу, бөтөлкө менен багуу же ичирүү сунушталбайт.

Эмчегин жуу

Эмчекти, айрыкча самын менен жууганда, үрпүнүн жана анын жанындагы териден атайын жумшартуучу жана эмчектин терисине патогендик микробдордун киришине жол бербөөчү катмар жуулуп кетет. Эмчекти бат-баттан самын менен жууса, териси кургап, сыйрылууга, жарага жана маститке алып келет. Андыктан ар бир эмизүүнүн алдында эмчекти жуунун кажети жок. Кадимки гигиеналык сууга түшүүдө күн сайын же 3-7 күндө бир жолу көкүрөктү самынсыз жөнөкөй суу менен жуу жетиштүү.

Сүтүңүз жетиштүү экенин кантип текшерсе болот?

Ымыркайга сүтүңүз жетиштүү деңгээлде болсо, анда 24 сааттын ичинде 12 жолудан кем эмес эмет; кыска тыныгуулар менен ритмикалуу эмет, ээгинин кыймылы байкалат, жутуп жатканы угулат; суткасына адатта 3-6 жолу заңдайт; алгачкы 4 айда орто эсеп менен жумасына 150-240 г салмак кошот; эмчек эмизүүнүн ортосундагы тыныгууларында активдүү, кыймылдуу болот.

 

Эмчек эмизүүнүн энеге жана балага пайдасы

Copyright © 2017 Maral FM