Биз менен байланышыңыз

Эмчек эмизүүнүн энеге жана балага пайдасы

Блог | 1 Авг 2022 | 2366 | 0

Кыргызстанда ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму демилгелеген бала эмизүүнү коргоо жана колдоо максатында уюштурулуп жаткан  Бала эмизүү жумалыгына карата 1-7-август аралыгында өнөктүк өткөрүлөт. Кыргызстандагы жумалык Эне сүтү жана Бугу эне деп аталды. Буга байланыштуу биз бала эмизүүнүн пайдаларын тизмектеп көрдүк.

Эне сүтү — балага эң сонун азык

Эмчек эмизүү — эне-баланын ден соолугунун ачкычы. Эненин сүтүндө майлардын, канттын жана белоктун жетиштүү өлчөмү бар. Аны сиңирүү оңой жана ымыркайдын тез торолуусуна жардам берет. Эмчек эмген бала ашыкча салмак кошпойт жана кийин ашыкча семирип кетүү коркунучу аз болот. Кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, эне сүтү баланын акыл-эсине мыкты таасирин берет.

Эне сүтү балдарды инфекциядан жана ар түрдүү оорудан коргойт

Эне сүтүндөгү антителолор инфекциялар менен күрөшүп, диарея, кулак оорулары, аллергия жана астма сыяктуу оорулардын алдын алат. Эмчек эмген балдар азыраак ооруйт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмчек эмизүү кант диабетинен, рак ооруларынан коргойт, пневмония, менингит, колит жана башка оорулардын алдын алат. Ошондой эле эне сүтү менен азыктанган балдар эмдөөнү оңой көтөрүшөт.

Эмчек эмизүү энелерге да пайда

Сүт даярдоо процессинде организмдеги калориялар колдонулуп, кош бойлуу кездеги ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Эмчек эмизүү төрөттөн кийинки канды азайтат жана жатындын тез калыбына келишине жардам берет. Эмчек эмизген аялдарда эмчек рагы аз кездешет. Бала ачка болгондо дароо тамактандырганга мүмкүнчүлүк болот, аны даярдоого жана азыктарды сатып алууга убакыт кетпейт. Эмизүүдө эне менен баланын ортосунда жылуулук жана физикалык жакын байланыш пайда болот. Эмчек эмизүү учурунда пайда болгон гормондор энеге жана балага тынчтык жана бейпилдик сезимин пайда кылат.

Эмчек эмизүүнүн коом үчүн да пайдасы бар

Толук эмчек эмген ымыркайлар үчүн медициналык чыгымдар азыраак болот, анткени алар аз ооруйт жана дарыгерлерге азыраак кайрылышат. Жумушка чыгып, эмчек эмизген энелер жумушун аз калтырышат, анткени алардын балдары азыраак ооруйт.

Эмчек эмизүүнүн биринчи алты айдагы мааниси

Баланы 6 айга чейин эне сүтү  менен гана азыктандыруу керек. Суу жана башка азыктарды бербөө керек. Алты айга чейин балага эмне керек болсо, анын баары эненин сүтүндө бар. Көбү бала жаңы төрөлгөндөн баштап эле суу бере баштайт. Бул туура эмес тажрыйба, эненин сүтүнүн курамында суу да бар.

Ууз сүт — табият берген эң уникалдуу тамак

Бала төрөлгөндө эле эненин үстүнө жаткырылат. Бала бир-эки тамчы болсо да, эненин ууз сүтүн ээмп алганы маанилүү. Анткени ал коргоочу зат катары ымыркайды ар кандай ооруларды чакырган микробдордон сактайт. Ууз сүттө балага керектүү азыктар сакталган. Андан баланын иммунитети күчөйт, ич өткөктөн, өпкө оорусунан сактайт. Мындан сырткары баланын өсүшүнө жардам берет. Эненин сүтү керектүү азыктын ролун аткаргандан сырткары баланын мээсин, ички органдарын, терисин, чачын, тырмактарын жана сөөктөрүн өстүрө турган пайдалуу заттарды камтыйт. Эч бир суусундук ууз сүттү алмаштыра албайт.

Copyright © 2017 Maral FM