Биз менен байланышыңыз

«КРде бала тарбиялоодо ата-энелердин 23%ы гана позитивдүү ыкманы колдонот»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 922 | 0

Өткөн жылы жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда ата-энелердин 23%ы гана бала тарбиялоодо позитивдүү ыкмаларды колдонот. Калган ата-энелер зомбулуктун түрдүү ыкмасын пайдаланат. Бул тууралуу Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун  Кыргызстандагы балдар фондунун жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, балдардын 73%ы зордук-зомбулук менен тарбияланат. Бул ойлонто турган маселе. Зордук-зомбулукка көбүнчө өспүрүмдөр кабылат.

Балдардын зомбулукка кабылган фактыларын ачыкка чыгаруу зарыл. Мындай мыйзамсыз аракеттердин бетин жаап-жашуруудан көп ресурс жоготулат.

-Мурдараак балдардын зомбулугу боюнча глобалдык изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, балдарга көрсөтүлгөн зомбулуктун кесепетинен 7 триллион долларга  экономикалык жоготуу болгону аныкталган. Тагыраагы, зомбулук көргөн бала ийгилик жарата албайт, бул өлкө үчүн да чоң жоготуу», — дейт Мамедзаде.

Ал дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да балдарга карата жасалаган зордук-зомбулук алардын укуктарын коргоону ишке ашыруучу эң орчундуу көйгөй экенин белгилейт.

«Коомчулукту кабардар кылуу максатында кампания уюштуруну чечтик. Анын максаты тарбия берүүдө зомбулук ыкмаларын эмес, позитивдүү ыкмаларды колдонуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү. Анткени айрымдар бала жакшы өсүшү үчүн аларга күч колдонуу туура деп ойлошот. Зордук-зомбулук бир гана үйдө эмес, мектепте, көчөдө, өспүрүмдөр арасында кеңири жайылган. Маалыматтык кампания бир гана ата-энелерге эмес, бала тарбиялоо менен алектенгендердин баарына арналат. Анткени өлкөнүн маданиятына ылайык, бала тарбиялоого бир гана ата-эне эмес, чоң ата-чоң энелер, туугандар да аралашат», — дейт Мамедзаде.

Айта кетсек, Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

 

Copyright © 2017 Maral FM