Биз менен байланышыңыз

«Интернатта баланын укугу корголоруна кепилдик жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 618 | 0

Балдардын укугун коргоо жана үй-бүлөнү колдоо боюнча жергиликтүү бийликтин деңгээлинде социалдык кызматтарды түзүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү керек. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо лигасы коомдук бирикмесинин жетекчиси Назгүл Турдубекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, балдардын укугун коргоодо райондук деңгээлдеги социалдык кызматкерлер толук жетишпейт.

-Адистердин айыл өкмөттөргө барып, көзөмөл өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү барбы? Алардын транспорту да жок, каражат да бөлүнгөн эмес. Учурда жергиликтүү бийликтин деңгээлинде балдардын укугун коргоо жана үй-бүлөнү колдоо боюнча 6 борбор иштеп жатат. Анын алкагында кылмышкерлер мурунтан балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп келгени белгилүү болду. Бирок алар жоопкерчиликке тартылган эмес. Мындан сырткары, ата-энелер балдарды интернат, жетим балдар үйүнө тапшырып коюшат. Бирок, жетим балдар үйүндө балдардын укугу корголоруна кепилдик бере албайбыз. Анткени дүйнө жүзүндө мындай мекемелерде балдар түрдүү зордук-зомбулукка учурары далилденген, — дейт Турдубекова.

Айта кетсек, Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

Copyright © 2017 Maral FM