Биз менен байланышыңыз

Мамедзаде: 277 миңдей бала туугандарынын үйүндө тарбияланат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 707 | 0

Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы балдар фондунун жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде «Марал» радиосуна берген маегинде изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянуу менен Кыргызстанда 277 миңдей бала туугандарынын үйүндө тарбияланарын билдирди.

Анын айтымында, балдардын туугандарынын үйүндө тарбиялануусуна ата-энелердин миграциясы себеп болууда. Тарбия берүүдө балага социалдык шарт түзүүгө караганда анын ата-энесиин ортосундагы эмоционалдык абалы абдан маанилүү. Алсак, 5 жылдыздуу интернатта тарбияланып, сапаттуу тамак-аш менен камсыз болгон балага караганда өз үйүндө чоңойгон бала көп ийгилик жаратат.

Ушундан улам балага 3 жашка чыкканга чейин көп инвестиция жасоо зарыл. Анткени наристенин мээсинин 80%ы алты жашка чейин калыптанат. Бул илимий жактан аныкталган.

Мамедзаде мындан сырткары, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында адамдык капиталды өнүктүрүүгө маани берилгенин эске салды:

-Бул жерден инфраструктура, кен байлык, инвестициялык долбоорлордун эч бири ийгиликтүү болуубузга колдоо көрсөтө албайт. Бизге адамдык капитал жардам берет. Бул боюнча сөз кылганда биз бүгүн балдарга, өспүрүмдөргө тийиштүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз кажет. Ата-энелер балдарына убакыт бөлүп, туура багытка бурушу керек. Менимче, бара-бара баланын кайсы окуу жайды аяктаганына караганда, сынчыл ой жүгүртүүсү, адамдар менен тил табыша билүүсү маанилүү. Андыктан, бала тарбиялоодо ушул багыттарга инвестиция кылуу зарыл. Эртең балдардын жөндөмдөрү эмгек рыногунун талаптарына жооп бериши керек», — дейт Мамедзаде.

Айта кетсек, Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

 

Copyright © 2017 Maral FM