Биз менен байланышыңыз

Чолумова: «600 балага камкорчу дайындалды»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 762 | 0

Учурда 600 балага камкорчу дайындалды. Бул туууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, камкорчулардын жарымы соттун чечиминин негизинде, ал эми калган бөлүгүнө камкорчулар убактылуу 6 айга дайындалды.

2018-жылдын соңунда балдарга карата зомбулуктун күч алганы байкалган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди тапшырмасы менен республика боюнча атайын штабдар иш жүргүзүштү. Натыйжада, 107 миңге жакын мигрант ата-энелердин балдары табылып, алардын 5 миңге жакыны чоочун адамдардын колунда калтырылганы аныкталды.

-Учурда социалдык өнүгүү башкармалыктарынын адистери турмуштук оор кырдаалда калган балдар менен иштеп жатышат. Ата-энелерге «балдарды калтырууда камкорчуларды дайындап кеткиле» деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ата-эне алгач баланын коопсуздугун ойлошу керек. Бирок мигрант ата-энелер балдарына карата жоопкерчиликсиз мамиле кылышып таштап кетишүүдө, — деди Чолумова.

Айта кетсек, Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

Copyright © 2017 Maral FM