Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери 125 жаран ата-энелик укугунан ажыратылды

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 844 | 0

Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча 171 бир бала зордук-зомбулукка кабылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп. Былтыр тогуз айда 79 бала зордук-зомбулукка дуушар болгон. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, зомбулукка кабылган балдардын санынын өсүшү аларга карата жасалган  мыйзамсыз аракеттер ачыкка чыга баштаганынан кабар берет.

Жыл башынан бери 107 бала физикалык, 44 өспүрүм сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул аралыкта 125 ата-эне ата-энелик укугунан ажыратылды.

-Оор шартта жашаган үй-бүлөнүн балдарын алып чыгып кетүүгө туура келет. Интернаттарды оптимизациялап, реформа кылып жатабыз. Эки жылдан бери фостердик үй-бүлөлөрдү өнүктүрүү багытында активдүү иштер жасалууда, — дейт Чолумова.

Айта кетсек, Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

Copyright © 2017 Maral FM