Биз менен байланышыңыз

2020-жылы балдардын укугу кандай корголот?

Коом | 8 Янв 2020 | 1475 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап жатып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгилеп, быйыл жаңы 2020 — жылды “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялады.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн бардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 107 бала физикалык, 44 өспүрүм сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул аралыкта 125 ата-эне ата-энелик укугунан ажыратылды. Мындай жагымсыз окуялардын алдын алуу үчүн өлкөдөгү ар бир балага жекече мамиле кылына турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Ошону менен катар быйыл айыл өкмөттөр менен иштешип, социалдык кызматтар түзүлө турганын кошумчалады.

-Балдар туралуу маалыматты чогулттук. Электрондошуунун алкагында бир канча долбоорлор ишке ашты. Эми быйыл өлкөдөгү ар бир балага өзүнчө терезе ачылып, жекече мамиле жасалат. Андан сырткары, 385 айыл өкмөт менен сүйлөштүк, ар бир айылда социалдык кызмат түзүлөт. Себеби кызматкерлер өз айылындагы үй-бүлө тууралуу маалыматы бар. Ар кандай окуялардын алдын алуу, өз учурунда чара көрүлүүсү үчүн социологдор иштеши керек.

Балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир топ жеке уюмдар жана тиешелүү органдар иш алып барганы менен, дагы деле мигранттардын  балдарынын укугу тебеленип жаткан учурлар кездешип жатканын адистер айтып келишет.

Баланын укугу тебеленсе, психологиялык жатканы жабыркайт. Ошол себептен үй-бүлөлүк институтту жакшыртуу керектигин  «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова баса белгилеп айтты. Ал буга чейин балдарга көңүл буруу маселесин көтөрүп, өз сунушун айтып келет.

-Бир жыл мурда биз балдардын укуктарын коргоого көңүл буруу боюнча сунуштарды айтып келгенбиз. Себеби интернат тибиндеги окуу мекемелеринде тарбияланган жана мигрантардын балдарынын укуктары корголбой, ошол эле учурда пландалган иштер ишке ашпай келет. Эгер өкмөт, өлкө башчыбыз колдоп берсе, реформа жүргүзүп, буга чейин ишке кашпай келген пландар ишке ашат деп ойлойм. Аймактарда социалдык кызматтар жок болгондуктан, балдар тууралуу маалыматтар чогултулбай, зордук -зомбулукка учурап жатат. Андан сырткары, үй-бүлөлүк институтту жакшыртышыбыз керек. Балага жакшы тамак, жаңы кийим алып берүү жетиштүү болбойт. Үй-бүлө түшүнүгү, эне мээрими жок болсо, баланын келечеги да оор болушу мүмкүн. Ошондуктан балдарыдын азыркы абалына көңүл бурушубуз керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова тиешелеүү органдар биригип иш алып барышы керек дейт. Ал балдарын ден-соолугуна да басым жасоо керектигин айтып, ошондой эле балдардын билим алуусуна, жакшы үй-бүлөдө өсүшүн камсыз кылуу керектигин айтты. Быйыл балдарга көңүл бурууда экономикалык, социалдык абалды аныктап, иш алып баруу керектигин айтты.

Балдарга көңүл бурулуп келет, бирок жыйынтык чыгара албай жатабыз. Ошондуктан тиешелүү мамлекеттик мекемелер биригип, иш алып барышыбыз керек. Себеби балдардын билими, коопсуздугу, ден-соолугу, укугу өтө чоң масштабдуу чечимди талап кылат. Алгач өлкөнүн экономикалык-социалдык жактан аныктап, чара көрүшүбүз керек. Жакында балдардын ден-соолугун чыңдоо боюнча мыйзам сунуштайм. Мунун ичинде бир канча критерийлер камтылган. 

Ошондой эле, министрликтин изилдөөсү боюнча 697 миң үй-бүлөдөн, 102400 бала  каттоого алынган. Алардын ата-энеси чет жакта мигрант болуп жүргөндөр. Кыргызстанда 12 миңден ашык бала жетим балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде тарбияланат.

Жаңы жылга караган түнү, 31-декабрда  Кыргызстанда 261 ымыркай төрөлгөн. Анын ичинен 133ү эркек бала, 128и кыз.

Эскерте кетсек, 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган. Ал эми 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп белгиленсе, 2020-жыл болсо “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM