Биз менен байланышыңыз

«Жаштар үчүн чек ара жок!» фестивалы Токтогул районунда уланды

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 749 | 0

«Жаштар үчүн чек ара жок!» фестивалы Токтогул районундагы Үч-Чат жайлоосунда уланды. Кыргыз-өзбек жаштары улуттук оюндарды ойношуп, атайын даярдалган концерттик программага жана көргөзмөлөргө күбө болушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Фестиваль өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен ПРООН жана ЮНИСЕФ уюмдарынын колдоосу астында өткөрүлдү.

Фестивалдын максаты: эки өлкөнүн жаштарынын чек арасыз, чектөөсүз жылуу мамиледе болуусуна шарт түзүү жана байыртан уланып келе жаткан байланышты токтотпой, ынтымакты ыдыратпай, достук мамилени бекемдөө болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM