Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы балдар укугунун абалы БУУнун өкүлү менен талкууга алынды

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 781 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы дайындалган өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстандагы балдардын укуктарын, жеке коопсуздугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча учурдагы жана келечекте пландаштырылып жаткан иш- чараларды талкуулашты. Мындан сырткары алар буга чейин Акыйкатчы аппараты менен БУУнун Балдар фондунун ортосунда түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Жолугушууга Кристин Жольм айымды коштоп келишкен уюмдун Балдарды коргоо программасынын жетекчиси, саясий илимдердин доктору Лучио Валерио Сарандре жана Балдарды коргоо боюнча программанын координатору Елена Заиченко да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM