Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Токон Мамытов эл менен түз байланышка чыгат

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 1018 | 0

Өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов өзгөчө абал учурундагы укук коргоо маселелери боюнча коомчулук менен суроо-жооп уюштурат. Маалымат алмашуу эртең, 15-апрелде Акыйкатчы институтунун «Фейсбуктагы» расмий баракчасы (Институт Омбудсмена КР) аркылуу түз эфирде болот. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Онлайн байланыш 15-апрель, саат 11-00дө башталат. Суроолорду алдын ала «Фейсбуктагы» баракчага жазсаңыздар да болот. Ошондой эле суроолоруңуздарды ombudsman@inbox.ru электрондук дареги, же 0312 663141 телефон номери аркылуу да калтырсаңыздар болот, — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM