Биз менен байланышыңыз

«Газпромдун» Кыргызстанга инвестициясы 26,5 млрд рублди түзөт

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 486 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, бул жолугушуу Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат, анын алкагында бир катар келишимдерге, анын ичинде «Газпром» менен келечектүү кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

«Газпромдун»  төрагасы Алексей Миллер эскерткендей, компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жылдын ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салууга милдеттенген. Анын айтымында, бүгүнкү күнү «Газпромдун» инвестицияларынын жалпы суммасы 26,5 млрд. рублди түзөт.

Ошондой эле Алексей Миллер «Газпром — балдарга» социалдык долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусун белгиледи, анын алкагында Кыргызстандын аймактарында тогуз заманбап спорт комплекси курулган.

Copyright © 2017 Maral FM