Биз менен байланышыңыз

Интерполдун мурдагы президенти Мэн Хунвэй Кытай коммунисттик партиясынан четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 617 | 0

Кытайдын бийлиги Интерполдун мурдагы башчысы, Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары Мэн Хунвэйди Коммунисттик партиянын катарынан чыгарды. Мындан сырткары мамлекеттик кызматтан да четтетти.

Бул тууралуу мамлекеттик көзөмөл комитетинин 27-марттагы билдирүүсүндө айтылганын РИА новости сайты жазып чыкты. Анда Мэн Хунвэй «Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен Мэн Хунвэйди партиянын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынган. Ошондой эле, Мамлекеттик көзөмөл комитети  аны мамлекеттик кызматтан да бошотуу боюнча көрсөтмө берген. Буга себеп, Мэн Хунвейдин партиялык тартипте олуттуу эреже бузганы болгон” дейт аталган сайт.

Эске сала кетсек, Мэн Хунвэй 2016 – 2018-жылдар аралыгында Интерполдун президенти кызматын аркалаган. 2004-жылдан 2018-жылга чейин Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министринин орун басары болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM