Биз менен байланышыңыз

Интерпол Ирандын Трампты камакка алуу өтүнүчүн четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 373 | 0

Интерпол Ирандын сот бийлиги АКШ президенти Дональд Трамптын Ислам революциялык гвардия корпусунун генералы Касым Сулейманинин өлүмү боюнча эл аралык издөө жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандыра албай тургандыгын билдирди.

Интерполдун ички эрежелери Ирандын өтүнүчүн аткарууга мүмкүндүк бербейт, анткени уюмга «саясий, аскерий, диний же расалык мүнөздөгү ар кандай кийлигишүүлөрдү же аракеттерди жасоого» тыюу салынат. Ошондуктан Интерпол Тегерандын кайрылуусун кароодон баш тартты.

Мурдараак Иран сот бийлиги Интерполго Трампты Сулейманинин өлүмү боюнча эл аралык издөөгө киргизген. Тегеран генералды өлтүрүүгө даярданууга катышкан деп шектелип, бул ишке тиешеси бар 36 адамды аныктай алган.

Касем Сулеймани 2020-жылы 3-январда АКШнын Багдадда жүргүзгөн аскерий операциясында өлтүрүлгөн.

Пентагон президент Трамп Сулаймандын өлүмүнө жеке өзү буйрук бергенин айтат. Кошмо Штаттарда генерал Багдаддагы эл аралык коалициялык базага жана АКШнын элчилигине жасалган чабуулдарга катышкан деп айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM