Биз менен байланышыңыз

Интерполго орус генералы башчы болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 694 | 0

Эл аралык полицияга Орусиянын Ички иштер министрлигинин ветераны, генерал Александр Прокопчук башчы болуп дайындалышы ыктымал. Бул тууралуу Times басылмасы жазды. Бүгүн өтө турчу Интерполдун башкы ассамблеясынын жыйынында анын президенти аныкталат.

Прокопчукту бул кызматка Интерполдун мурунку жетекчиси Мэн Хунвэй дайынсыз жоголуп, бир аптадан кийин Кытайда коррупцияга күнөөлөнүп кармалганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызын бергенден кийин эле көрсөтүп башташкан.

Бирок анын бул кызматка келүүсүнө бир катар укук коргоо уюмдары менен айрым өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү алдын ала каршылыктарын билдирип келишет. Алардын пикиринде Прокопчуктун Интерполго башчы болушу менен Кремлге сын айткан чет өлкөлүк жарандарга куугунтук күчөшү толук мүмкүн.

Ал эми Американын парламентинин сенаттары орус генералына эл аралык полицияны башкартуу «түлкүгө тоок кананы кайтартканга» барабар экенин жарыялашкан. Мындан сырткары өздөрүнө кылмыш иши козголгон чет жактагы орусиялык ишкерлер Башкы ассамблеяга орус генералынын талапкерлигин колдобоо өтүнүчүн билдиришкен.

Эми Интерполдун башкы ассамблеясы 192 өлкөдөн келчү өкүлдөрүнүн баары 21-ноябрда Дубайда жолугушуп, президентти шайлашат. Ага негизги талапкер болуп мурунку орус ИИМнин кызматкери, азыр эл аралык полициянын вице президенти болуп эмгектенген Александр  Прокопчук менен учурда Интерполдун президентинин милдетин аткаруучу түштүк кореялык Ким Чен Ян көрсөтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM