Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов кармалды

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 735 | 0

Азербайжандын Баку шаарындагы аэропортунан Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов кармалды. Мындай маалыматты Азербайжандын “Новая эпоха” интернет-порталы жазды.

Адамкул Жунусов Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Интерпол аркылуу изделип жаткан. Ага ушул жылдын август айында издөө жарыяланган.

Бажы кызматынын мурунку төрагасына Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган. Ал өлкө бюджетине 166 милн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдары Бажы кызматын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM