Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 442 | 0

Бүгүн, 2-июлда эл аралык издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган И.Р.А. аттуу Орусиянын жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кармалган жаран Орусиянын Алтай крайынын Барнаул шаарында «банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык» боюнча оор кылмыш жасаганы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда кармалган жаранды Орусияга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM