Биз менен байланышыңыз

УКМК Шадиев боюнча Интерполго үч ирет кайрылган

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 939 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши боюнча Интерполго үч ирет кайрылган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Сагынбек Исмаилов парламентте билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Интерпол документтерди карап жатат. Эгер соттун чечими болсо, анда Шадиев алынып келет. Интерпол бул иш боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн сураган.

Ал эми Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов АКШ менен Кыргызстанда кармалгандарды өткөрүп берүү боюнча эч кандай макулдашуу же конвенция жок экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевге карата Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 10 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке өткөрүп алуу өкүмү чыгарылган. Башкы прокуратура Шадиевге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Учурда экс-депутат АКШда экенин айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM