Биз менен байланышыңыз

Мэн Хунвэй 2,1 млн доллар пара алганын мойнуна алды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 722 | 0

Интерполдун мурдагы башчысы, Кытайдын Коомдук коопсуздук министринин мурдагы орун басары Мэн Хунвэй коюлган айыптарды мойнуна алды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Хунвэй 2005-жылдан 2017-жылга чейин кызмат абалын өз кызыкчылыгына пайдаланып, физикалык жана юридикалык тараптарга көрсөткөн жардамы үчүн 14,16 млн юань (2,1 млн доллар) пара алган.

Соттун жүрүшүндө Хунвэй мыйзамсыз иштери үчүн өкүнгөнүн билдирген. Мындан улам жаза өкүмүн жарыялоо кийинкиге жылдырылган.

Белгилей кетсек, Мэн Хунвэй 2016-2018-жылдар аралыгында Интерполдун президенти кызматын аркалаган. 2004-жылдан 2018-жылга чейин Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министринин орун басары болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM