Биз менен байланышыңыз

Интерполдун мурунку башчысы 13,5 жылга түрмөгө кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 583 | 0

Интерполдун мурунку башчысы Мэн Хунвэй 13,5 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле экс-чиновник 300 миң доллар чамасында (2 млн юань) айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Хунвэй кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, пара алууга айыпталууда. Ал 2019-жылдын 20-июнунда өткөн соттук отурумда сыйлыкка баалуу буюмдар менен акча алганын моюндаган. Паранын жалпы суммасы 2,1 миллион доллар деп бааланууда.

Интерполдун мурунку жетекчиси ага чейин Кытайдын коопсуздук боюнча министринин мурунку орун басары кызматын да аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM