Биз менен байланышыңыз

Интерполдун президенти болуп Ким Чон Ян шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 675 | 0

Эл аралык полиция Интерполдун жаңы президенти бүгүн башкы ассамблеянын Дубайда өткөн жыйында аныкталды.  Түштүк Кореянын өкүлү, бул кызматтын мурунку вице-президенти Ким Чон Ян 101 добуш менен шайланды.

Бул кызматка кимдин келери эл аралык масштабда кызуу талкууланып жаткан болчу. Президенттикке негизги эки талапкердин бири Орусиянын Ички иштер министрлигинин мурунку кызматкери генерал-майор Александр Прокопчук эле. Бирок анын талапкерлиги көптөгөн нааразылыктарды жаратып, алдын-ала каршылык чаралары көрүлүп келген. Себеби ал Интерполдун башчылыгына келсе Кремлдин буйруктарын аткарат деп тынчсыздангандар көп болду. Ошентип Александр Прокопчук Интерполдун президентинин Европа боюнча орун басары бойдон калды.

Интерполдун мурунку жетекчиси Мэн Хунвэй Кытайда коррунцияга шектелип камалгандан кийин Ким Чон Ян анын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Эми бул кызматты толук кандуу жетектеп калды.

«Биздин дүйнө азыр бүтүн адамзаттын коопсуздугуна байланышкан олуттуу коркунучтар менен бетме-бет келип турат. Аларды жеңип өтүү үчүн таамай көрөгөчтүк зарыл. Биз келечекке көпүрө курууга милдеттүүбуз»,-деп билдирди жаңы кызматка киришкен жетекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM