Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик өзүнүн НАТОсун түзөбү?

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 587 | 0

Ноябрдын башында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун «Евробиримдик Кытай, Орусия жана АКШ сыяктуу державалардан келиши мүмкүн болгон коркунучтун алдын алуу максатында өзүнүн орток армиясын түзүшу керек»,-деген пикири эл аралык масштабда кызуу талкууланып жаткан кези. Адегенде эле Макрондун мындай билдирүүсүн жоопсуз калтырбаган Американын өлкө башчысы Дональд Трамп бул пикирди АКШга карата кемсинтүү деп баалады. Канткен менен Трамптын бийликке келгенинен кийин европалыктар Вашингтондун коопсуздук келишимдин шарттарын аткарарынан күмөн санап калышкан.

Ал эми биримдиктин мүчөлөрүнөн Германия бул сунушту позитивдүү кабыл алып, канцлер Ангела Меркель: «Эгер Европа өз тагдырын өзү чечкиси келсе анда башканын көзүн карабай өзүнүн армиясын түзүүсү керек», деп билдирди.

Ушундай эле көз карашын Испания королдугу да жарыялады. Өлкөнүн Коргоо министри Маргарита Роблес биримдикти бекемдөөчү ар кандай кадамды колдоорун билдирген.

Ошентсе дагы Евробиримдиктин кээ бир мүчөлөрү муну керексиз деп табышты. Өзгөчө АКШга ыктаган Англия, Польша сыяктуу өлкөлөр орток армия түзүү сунушун четке кагышты. Мындан сырткары Нидерланды жана Швеция дагы каршы пикирин билдирди. Ал эми Австрия бийлиги нейтралдуу позициясын ачыктады.

Орусиялык аскердик илимдердин доктору Константин Сивков Евробирмдиктин орток армиясын түзүү үчүн олуттуу тоскоолдуктар бар экенин белгилеп, буларга токтолду:

«Биринчиден мындай орток армияны заманбап аскердик курал-жарак менен камсыздоо мүмкүнчулугү Европада дээрлик жок. Ал эми истребитель-бомбардир, штурмовиктерге келсек, андай нерсенин өзү Европада жок. Авиа өндүрүш тармагы болсо аскердик-техникалык базанын жоктугунан улам ракеталык-өзөктүк куралдарды чыгара албайт. Авиа-космикалык жаатта да чоң көйгөйлөрү бар».

Негизинде Европанын орток армиясын түзүү сунушу экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эле айтылган. Ар кандай агрессиялык күчтөрдөн коргонуу максатында Франция, Италия, Англия жана Испания мамлекеттери бул демилгени жакшы эле көтөрүшкөн, бирок белгисиз себептерден улам ишке ашпай келген.

Copyright © 2017 Maral FM