Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга 100 миң беткап менен коргонуучу каражаттарды берди (фото)

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 2272 | 0

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырды.

Кытайдан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

Кошумчалай кетсек, 18-марттан 25-март аралыгында өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган.

COVID-19 атайын эсебине 35 млн сомдом ашык сумма түштү

Copyright © 2017 Maral FM