Биз менен байланышыңыз

Кытайда смартфон колдонуучуларына жүзүн сканерлөө милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 705 | 0

Кытайда 1-декабрдан тарта чөнтөк телефондорду колдонуу үчүн жүзүн сканерлөө талап кылынат. Мындай жаңы милдеттенме тууралуу сентябрда маалымдалган. Бийликтин айтымына караганда, мунун баары киберчөйрөдө жарандардын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн жасалууда.

Кытай бийлиги бир топ жылдан бери интернетти анонимдүү колдонууга каршы күрөшүп келишет.

Буга чейин да мобилдик номерди алуу үчүн сүрөтү менен кошо өздүгүн аныктаган документтер талап кылынып келген. Мындан ары телефондор колдонуучунун жүзүн сканерлөө аркылуу иштеп, ким интернетти өз аты менен колдонуп жатканын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кытайда интернет колдонуучулардын жүздөгөн миллиондорду түзөт. Алардын көпчүлүгү түйүнгө мобилдик телефондор аркылуу кирет.

Элдин тынчыздануусу

Кытай бийлиги видеокөзөмөлдү кенен колдонот, ошондой эле калкты көзөмөлдөп туруу үчүн адамды жүзүнөн таануучу түрдүү технология түрлөрүн да колдонушуп келишет. Бул тармакта Кытай дүйнө боюнча биринчиликте турат.

Кытай ММКлары буга анча маани бербей келишет. Бирок жүздөгөн колдонуучулар социалдык тармактар аркылуу нааразычылыгын билдиришип, өздөрү тууралуу жеке маалыматтардын ачык болушуна тынчтызданып жатышат.

Кытай бийлиги мурдатан эле өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келбеген, элдин билүүсү, талкуу кылуусу керек эмес делген маалыматтарды өчүрүп же блоктоо аркылуу интернетке чектөө жасап келишет.

«Видеокамералар өлкөсү»

Заманбап Кытай — «видеокамера өлкөсү» деп да аталып келет. Атайын камералар өлкө боюнча жайылган. 2017-жылы алардын саны 170 миллион болсо, 2020-жылга карата 400 миллион болору айтылган.

Ансыз да видеокамералар менен көзөмөлдөп турганда башка тармактардан да жашоочулар тууралуу өздүк маалыматты чогултуунун масаты кандай?

Бийлик менен ММК адамды жүзүнөн таануучу технологиялар кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү эффективдүүлүгүн белгилеп келишет.

Мындай учурда Синьцзян првинциясындагы азчылык мусулманды көзөмөлдөгөн ыидеокамералар тууралуу айтпай коюу мүмкүн эмес. Миллиондон ашык мусулман-уйгурду «кайра тарбиялоочу лагерлерде» аларды көзөмөлдөп, топ адамдын ичинен уйгур келбеттүү азчылыкты таанууга ыңгайлашкан камералар орнотулган.

АКШнын айтымында, бул системалар «адам укугун бузуп, азчылыкты түзгөн мусулман өкүлдөрүнө электрондук көзөмөл киргизишип, мыйзамсыз туткундоолорду жасаган».

Copyright © 2017 Maral FM