Биз менен байланышыңыз

Кытай бийлиги коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга убада берди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 613 | 0

Кытай коронавирустук вакцинаны иштеп чыгып, аны бардык клиникалык сыноолордон өткөргөндөн кийин бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү кылып чыгармакчы. Бул тууралуу РИА Новости агентиги «Жэньминь жибао» гезитине шилтеме берип жазды.

Өлкөнүн илим жана технология министри Ван Чжигандын айтымында, Пекин президент Си Цзиньпин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Ассамблеясынын 73-чү сессиясында айткан бардык милдеттенмелерди аткарат.

Ван Чжиган билдиргендей, учурда вакцинанын беш түрү иштелип чыгууда, алардын айрымдары сыноодон өтүп жатат. Дары-дармектердин коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө артыкчылык берилет.

— “Адамзаттын эпидемияга каршы күрөшүнүн тарыхы көрсөткөндөй, аларга каршы туруунун негизги стратегиясы вакциналарды иштеп чыгуу болуп саналат. Дүйнө өнүгүү жана кызматташууну күчөтүшү керек», — деп кошумчалады министр.

Copyright © 2017 Maral FM