Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 705 | 0

Бүгүн Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынан улам Бишкек шаарынын негизги көчөлөрү менен Чүй облусунун жолдору убактылуу жабылат.

Маалыматка ылайык, расмий коноктор өтүүчү көчөлөр 27-28-март күндөрү маал-маалы менен жабылып турат.

Мындан улам ЖККББ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керек экендигин эске салат.

Copyright © 2017 Maral FM