Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Мамлекеттик менчик объекттер боюнча маалыматтын ачыктыгына көңүл бурулат

Без рубрики , Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 630 | 0

Мамлекеттик мүлктү тескөө процесстеринин айкындуулугун камсыздоо жана мамлекеттик менчик объекттери тууралуу маалыматтардын ачыктыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулатМындай пикирин вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу» конференциясында айтты.

«Белгилей кетсем, акыркы жылдары мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу иштери пландуу түрдө жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик мүлктү тескөө процесстеринин айкындуулугун камсыздоо жана мамлекеттик менчик объекттери тууралуу маалыматтардын ачыктыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күнү «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган тутуму киргизилген. «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык порталы ачылып, иштеп жатат», – деди вице-премьер-министр.

Мындан сырткары Замирбек Аскаров бүгүнкү күндө Өкмөт мамлекеттик менчик түзүмүн оптималдаштыруу, мамлекеттик ишканалардын санын кыскартуу, корпоративдик башкарууну күчтөндүрүү жана мамлекеттик катышы бар акционердик коомдордун кадр саясатын кайра карап чыгып жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM