Биз менен байланышыңыз

«Чекистмин» деп чекчеңдей коюп, колго түштү

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 759 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында ИИМдин жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын инспекторлору 1414SK мамлекеттик номерлүү BMW автоунаасын тосушканда, айдоочу «УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери» делинген күбөлүк көрсөткөн. Натыйжада 19 жаштагы «чекисттин» көргөзгөн күбөлүгү жасалма болуп чыккан. Бул тууралуу кабарлаган аталган башкармалыктын кызматкерлери: автоунаа айып аянтчасына жеткирилип, «жасалма документ колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Эми мыйзамга ылайык, «Жасалма документ колдонуу» беренеси боюнча шектүүгө 300 миң сом айып салынышы же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM