Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Орусияда жасалма документ колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1479 | 0

Акыркы убакытта Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар жасалма ID-карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатышып жатат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз, анда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Орусиянын аймагында жайгашкан Кыргызстандын консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл.

Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек.

Copyright © 2017 Maral FM