Биз менен байланышыңыз

Орусияга кеткендерге жасалма медициналык тактама саткан жаран кармалды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 553 | 0

Орусияга учуп кетүү үчүн жарандарга Орусиянын дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын саткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, «Беш-Сары» соода борборунда жайгашкан «Тумар» жеке авиакассасында иштеген Ж.А. аттуу жаран медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин мөөрүн, штамптарын колго жасап алып, анын негизинде жасалма медициналык тактама сатып жүргөн.

Шектүү Ж.А. алдоо жолу менен кандайдыр бир документтерди сунуштап, Орусияга учууга жардам бере тургандыгын айткан.

Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык Кодексинин 359-беренеси боюнча катталды.

Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 46 миң 50 сомго Бишкек-Москва каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген.

Учурда тергөө уланууда.

Тергөө кызматы аталган жарандан жабыр тарткандарды төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну суранат: 0312 35-12-70; 0701 35-12-70; 0708 00-36-19.

Copyright © 2017 Maral FM