Биз менен байланышыңыз

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына 24 миллион доллар керек

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 748 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын болжолдуу бюджети 24 миллион АКШ долларын бааланып жатат. Бул тууралуу бүгүн 22-мартта маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев инвесторлордун алдында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, экинчи этап шаарлардагы 110 жол кесилиштерин, жолдордогу 31 ылдамдык чегин, калктуу конуштардагы 133 стационардык чекти, 40 көчмө комплексти камтыйт.

Экинчи этапта жыйналуучу айып акчанын көлөмү 5 жылдын ичинде болжол менен 20 млрд сомго жетет.

Copyright © 2017 Maral FM