Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Аравияда өткөн көчмөндөр фестивалынын жабылышына катышат

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 549 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравияда өтүп жаткан Camel Fest фестивалынын жабылыш аземине катышат. Бул тууралуу маалыматты өкмөттөн ырасташты.

Жабылыш аземи 23-мартта өтмөкчү.

Өкмөт башчысын 6-мартта Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума падышанын атынан жабылыш аземине чакырган болчу.

Эске сала кетсек, Camel Fest фестивалына 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтүштү. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн. Кыргызстандыктар үчүн 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган.

Copyright © 2017 Maral FM