Биз менен байланышыңыз

Якутиядагы окуядан кийин ондогон автобустун айдоочулары ишке чыккан эмес

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 557 | 0

Якутияда Орто Азиядан баргандыгы болжондонуп жаткан мигранттын жергиликтүү тургунду зордуктаган деген окуядан кийин соцтармактарга чыккан антимигранттык видеолордон соң 80ден ашуун автобустун айдоочулары  ишке чыкпай, мөмө жемиш күркөлөрү жабылгандыгын www.currenttime.tv сайты жазды.

Sakhaday басылмасы буга чейин бир канча адам биригип  автобустун айдоочусун  сабашкандыгы тууралуу билдирген болчу. Ушул сыяктуу видеолор учурда соцтармактарда тарап жатканы айтылат.

“Биздин маалымат баюнча 80-90 автобус жумушка чыккан эмес, бул жалпы 420-430  маршруттук каттам үчүн көп. Айдоочулар техникалык мүчүлүштүктөрдөн деп айтып жатышат, кээ бири коопсуздуктан коркуп жатат. Биз шаарды  автобузсуз таштап салган жокбуз. Маршруттар 50 пайыздык аралыкты сактап иштеп жатат»,- деди Якутиядагы бирдиктүү диспетчердик кызматынын башчысы  Андрей Шарыгин.

Коммерциялык эмес өнөктөштүк боюнча «Якутск авто ташуучуларынын союзунун» башчысы  Андрей Косицкий  маршрут боюнча каттамдар 30-40 унаалар жетишпей жатканын айтып , учурда окуя көзөмөл астында турганы билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM