Биз менен байланышыңыз

Орус элчиси: Кыргызстан менен кызматташууларды кеӊейтүүгө кызыкдарбыз

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 611 | 0

Бүгүн, 22-мартта Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Орусиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызмат билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышы тууралуу сөз жүрүп, алар бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеӊейтүү керек деген бүтүмгө келишти. Төрага орус тарапка ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусу алкагында, өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, көрсөткөн материалдык-техникалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле төрага Якутиядагы түзүлгөн жагымсыз кырдаалга байланыштуу кыргыз тарап болуп өткөн окуяны өкүнүү менен кабылдагандыгын айтып, Саха Республикасынын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугунун камсыздалышын өтүндү.

Николай Удовиченко өз дипломатиялык ишмердүүлүгүндө баардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелерине басым жасай тургандыгын белгиледи.

Ошону менен катар ал Орусия Президентинин мамлекеттик иш сапарынын алкагында региондор аралык конференция, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү бир катар макулдашууларга кол коюлуучу бизнес-форум, ошондой эле Орусиянын ири Жогорку  окуу жайларынын ректорлору катыша турган ректорлор форуму менен жаштар форуму камтылган бир катар маанилүү иш-чаралар мерчемделип жаткандыгын билдирди.

«Биз Кыргызстан менен баардык багыттагы кызматташууларды кеӊейтүүгө кызыкдарбыз»,- деди Удовиченко.

Баарлашуунун соӊунда Жогорку Кеӊештин Төрагасы элчинин кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM