Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Якутия: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 731 | 0

Бүгүн, 19-мартта Якутск шаарына башында Миграция кызматынын өкүлү С.Токтоболотов турган делегация Саха Республикасынын башкармалыгынын башчысы  Ф.Борисов баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Жолугушууда болуп өткөн окуялар боюнча маалымат алмашып, конфликти жоюу жана мындан аркы эки тараптуу кызматташтык боюнча  сүйлөшүлдү.

Кыргыз делегациясы болуп өткөн окуяга өкүнүү менен, стабилдүүлүк кармалып турганына жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдирип, мындан аркы тынчтыктын сакталуусу боюнча ишеничин билдирди.

Өз кезегинде Саха Республикасынын жетекчилиги да окуяга Кыргыз тарап мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирип, мыйзамсыз мигранттарга чара көрүлөрун айтты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик менен окуя боюнча иш алып барууга Кыргызстандын Якутиядагы диаспорасындагы бир лидерди тандоо керектиги айтылды.

Мындан сырткары  кыргыз делегациясынын бүгүн Саха Республикасынын Ички иштер минимстирлиги менен жолугушуусу күтулүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM