Биз менен байланышыңыз

Замандаш фонду Якутиядагы окуяга байланыштуу кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 583 | 0

Замандаш коомдук фонду Якутияда болгон окуяга байланыштуу Якутия элине кайрылуу жолдоду.

Жениш Молдокматов башында турган фонд болгон окуяга чын ыкластан өкүнүч билдиргенин sakhaday.ru маалымат булагы жазып чыкты.

«Орусиянын ар кайсыл аймактарында эмгектенип жүрүшкөн биздин мекендештерибиз өзүнүн эмгекчилдиги, ак ниеттүүлүгү, мыйзамды сыйлагандыгы менен даңкталып келгени, бир эле татыксыз өкүлдүн айынан бүтүндөй улутту айыптоо туура эмес», — деп айтылат кайрылууда.

Эмгек миграциянын айынан миңдеген кыргызстандыктар чет жерде иштеп, Орусиянын жана Кыргызстандын экономикасына салым кошуп келишет.

“Биз жергиликтүү элди ачууга алдырып, көптөгөн жылдар бою сиздер менен канатташ жашап, иштеп келген бейкүнөө адамдарга карата зордук көрсөтпөгүлө деп суранабыз. Биз Якутия элин сабырдуулукка чакырып, түшүнүшүүгө келет деп үмүттөнөбүз”, — деген чакырыктар айтылат кайрылууда.

Copyright © 2017 Maral FM