Биз менен байланышыңыз

Президент айлыктарды көтөрүү боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 2879 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-апрель күнү «Фейсбук» баракчасына эмгек акыны жогорулатуу боюнча билдирүү жасады.

Кайрылуунун текстин төмөндө өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө эли кыйын акыбалда турганы талашсыз.

Анткени былтыртан бери Ковид-19 оорусу каптап, дүйнө жүзүнүн дээрлик 80 пайыз мамлекетине карантин киргизилип, айрым мамлекеттерде жашоо кыймылы бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу жандандырыла элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат.

Албетте, ушундай абалда дүйнө жүзүндө тамак-аш эле эмес, күнүмдүк жашоого керектелүүчү товарлардын баары кымбаттады. Себеби пандемияга байланыштуу өндүрүш ишканалардын көпчүлүгү токтоп калган. Тартыштык пайда болду.

Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн, биринчи кезекте, эмгек акы, пенсия-пособиелер көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз.

Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү.

Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары биринчи июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт.

Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен.

Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия-пособиелерди жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз.

Эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроо туулушу мумкун.

Биринчиден, албетте медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду.

Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек».

Copyright © 2017 Maral FM