Биз менен байланышыңыз

Президент: 24-март — Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган окуя

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 581 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда «Жоогазын революциясы» байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экенин дүйнөгө билгизгени белгиленет.

24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат. Кайсыл жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.

Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM