Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы элди жоопкерчиликтүү болууга жана обочолонуу тартибин бекем сактоого чакырды

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 652 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. Бул тууралуу Өкмөтүн маалымат кызматы билдирди. Премьер кайрылуусунда мекендештерди жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибин сактоого чакырды.

Өкмөт башчынын кайрылуусунун тексти төмөндөгүдөй:

«Учурда Өкмөт өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү үчүн даярдык көрүүгө багыт алды. Жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында биз тараптан экономиканын дээрлик маанилүү жана суроо-талап чоң болгон тармактарынын иштөөсүнө этап-этап менен уруксат берүү жөнүндө  чечим кабыл алынган.
Коронавирус инфекциясынын кырдаалга тийгизген таасирин эске алуу менен бул өлкө үчүн оор, бирок ошол эле учурда өтө маанилүү чечим болду.

Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөшүүдөгү маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз.

Вирустун жайылышынын сакталып турган тобокелдиктери бизден коргонуунун кошумча, биринчи кезекте социалдык аралык эрежелерин сактоого тийиштүү алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылат.

Мен бардык кыргызстандыктарга кайрылгым келет: дарыгерлердин гигиена эрежелерин,  обочолонуу режимин жана социалдык аралыкты кармануу талаптарын сактоо тууралуу бардык сунуштамалары сакталышы керек! Ошондой эле 2020-жылдын 1-майынан тарта ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме жана уюмдардын жетекчилери бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын тыкыр аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын эскертип кетким келет.

Биз вирустун кеңири жайылып кетишине жол берген жокпуз жана саламаттык сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдай алдык. Бул нерсеге биринчи кезекте сабырдуулукту жана түшүнүү менен мамиле кылган жарандардын колдоосуна жараша жетише алдык. Бирок жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө үчүн биз карантин бүткүчө обочолонуу жана социалдык аралыкты кармануу эрежелеринин талаптарын сактоо менен жоопкерчиликти сезишибиз керек. Жарандардын, жакындарыбыздын жана туугандарыбыздын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо – биздин жалпы милдетибиз».

Copyright © 2017 Maral FM