Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 620 | 0

Мамлекеттик чек арада кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов маалымдады.

Ага ылайык, 14-мартта саат 19-30дан 20-40ка чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бардык курч маселелер талкууланып, учурда сүйлөшүүлөр тараптардын өкүлдөрү менен уланып жатат.

14-мартта саат 21:00 чамаларында Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Жергиликтүү жашоочулар №57-кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды.

Ошондой эле аталган айылдардын жашоочуларын Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган туугандары өз үйлөрүнө алып кетишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM