Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы аймактар үчүн жылына 100 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 448 | 0

Чек араны тактоо жана ал аймактагы жашоочулар үчүн бюджеттен жылына 100 миллион сом бөлүнөт. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Депутаттын белгилешинче, Жогорку Кеңеш чек ара маселесине байланыштуу 2 токтом кабыл алган. Анда чек ара аймактарындагы социалдык абалын жакшыртуу, чек арада сакталган жерлерди тосуп алуу жана тактоо боюнча каралган. Мындай программа үчүн жылына 100 млн сом бөлүнөт.

Кошумчалай кетсек, 13-мартта Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптан 2 жаран жарадар болгон. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча азыр абал салыштырмалуу туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM