Биз менен байланышыңыз

Депутаттар чек ара боюнча өкмөткө бир катар талаптарды койду

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 659 | 0

Жогорку Кеңеш чек ара маселесин кароодо делимитация, демаркация иштеринин аткарылбай жатканы, чек ара постторунун жоктугу боюнча көйгөйлөр каралды. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна билдирди.

-Делимитация-демаркация маселеси 27 жылдан бери айтылып эле келе жатат. Ал ишке ашуусу үчүн эки тараптын президенттеринин макулдугу болушу керек. Бирок бул иш саясий өңүттө токтоп турат. Анткени чек аранын чечилишине тажик тарап кызыктар эместей элес калтырат, — деди депутат.

Ошондой эле ал аймакта аскердик посттордун жоктугу да талкууга алынып, өкмөткө бул маселени чечүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле чек ара аймагында жашаган калкка жеңилдик берүү боюнча мыйзам аткарылбай жатканы тууралуу сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM